СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Бул жерден көп берилген суроолорго жоопторду таба аласыз.

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык бардык товарлар бажы контролунан өтүшү керектигиги белгиленген.

Жеке пайдалануу үчүн товарларды тануу ченемдери Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 107 “Жеке пайдалануу үчүн товарларга байланыштуу айрым маселелер тууралуу” Чечиминде көрсөтүлгөн.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 107 “Жеке пайдалануу үчүн товарларга байланыштуу айрым маселелер тууралуу” Чечиминин 2-тиркемесине ылайык, жалпы бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү чендери белгиленген. 2024-жылдын 1- апрелинен баштап чен нарктын 15 пайызы, бирок нарктык жана (же) салмактык ченемдерден ашкан бөлүктө 1 кг салмак үчүн 2 евродон кем эмес өлчөмдө белгиленген.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2019-жылдын 23-июлундагы №124 “Жеке колдонуу үчүн товарларды бажылык декларациялоо жөнүндө” чечимине ылайык, жашы жете электердин дарегине жүктөр боюнча маалыматтарды системалуу толтуруу 16 жашка толгон адамдар менен чектелет. Бул көрсөтүлгөн жашка жеткен жеке адам жүктөр боюнча маалыматтарды толтурууну ишке ашыра алат дегенди билдирет, бирок 16 жаштан кичүү адамдардын ушул Чечимге ылайык мындай иш-аракеттерге укугу жок.

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин “Бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарларды жеке пайдалануу үчүн алып өтүүнүн тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү” 37-главасына ылайык белгиленген Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жеке пайдалануу үчүн товарларга таандык кылуу бажы органы тарабынан төмөнкүлөргө жараша тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуу менен жүзөгө ашырылат: 1) жеке адамдын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жөнүндө жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясын колдонуу менен оозеки же жазуу жүзүндө арызы; 2) товарлардын мүнөзү жана саны; 3) жеке адамдын Бирликтин бажы чек арасынан өтүүсүнүн жана (же) ошол жеке жактын Бирликтин бажы чек арасы аркылуу же анын дарегине товарларды өткөрүүсүнүн жыштыгы.

Жеке адамдардын жеке пайдалануу үчүн дары каражаттарын өткөрүүсү Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 “Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө” Чечимине (мындан ары - № 30 Чечим) ылайык ишке ашырылат.

Бардык эл аралык жөнөтүүлөр белгиленген тартипте бажылык тариздөө жол-жобосунан өтөт. Жеке пайдалануу үчүн товарларды декларациялоодо жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясы же экспресс-жүктөрдүн реестри катары. Толтуруу талабына ылайык алдын ала бажылык декларациялоо жана (же) экспресс-жүктүн реестри берилген көчүрмөлөр менен ырасталган, жеке адамдын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ жөнүндө маалыматтарды (паспорттук маалыматтар) камтышы керек. (Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 37-гл. 261-бер.)

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 260-беренесинин 11-пунктуна ылайык.

Интернет-дүкөн алардын товарын ташуучуну өз алдынча тандайт. Демек сиздин жагдайда интернет-дүкөн дал ушул DHL Express менен ташуу келишимин түзгөн.

Ар башка өлкө жүктөрдү кабыл алуу боюнча ар кандай эрежелерди сактагандыктан, жүгүңүздү жөнөтүү үчүн консультация алуу үчүн +996 999 90 00 40 телефону аркылуу кардарлар менен иштөө боюнча бөлүм менен байланышуу керек. DHL адистери бардык суроолорго жооп беришет жана конкреттүү сиздин жүгүңүз боюнча консультация берет.